Жашоо биз ойлогондон да кызыктуу жана жөнөкөй. Кээде жашоодогу татаал учурларды түшүнүү үчүн өтө жөнөкөй эрежелерди колдонуу кажет. Жашоодо эч нерсе жасабай отургандан көрө, жаңылсак да аракет жасаганыбыз дурус. Жыйырма жылдан кийин жасаган эмес, жасабай калган ишибизге өкүнөбүз. ⠀ Жашооңузду өзгөртүүнү каалайсызбы? Анда бул 3 эрежени билип жүрүңүз! Бир кадам баспай алдыга карай жыла албайсыз. Бул Сиз бир кадам алдыга баспасаңыз, эч качан турган ордуңуздан жыла албайсыз дегендик. Ошондой эмеспи? Ар убак  жаныңыз бир өзгөчөлүктү каалаары анык. Бир нерсени түшүнүү үчүн да кээде алдыга бир кадам жасап көрүү керек. Катачылык кетирген ар бир адамга таандык. Катачылык кетирүүдөн эч качан коркпоңуз! Сурабасаңыз эч качан жооп ала албайсыз. Бул өтө жөнөкөй. Билбесеңиз сураңыз. Ыңгайсыз суроолор болбойт. Берилбеген суроолор ыңгайсыз болуп саналат.  Байкап көрбөсөңүз эч качан максатка жете албайсыз. Жакшы бир ишти баштоо көптөн бери оюңузда жүрөт дейли. Баштап кетейин десеңиз, жүрөгүңүз барбайт. Тегерегиңиздегилердин сөзүнөн, пикиринен коркосуз. Бирок, бул нерсени түшүнүңүз, эгерде байкап көрбөсөңүз эч качан ойлогонуңүзга кол жеткире албайсыз. Ал эми эң кыйыны ойлогон нерсени ишке ашыра албоо. ⠀ #success #bntraining #bnmotivation

Теги других блогов: success bntraining bnmotivation